Долбоор жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ЖЕРГИЛИКТУУ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ, МИЛИЦИЯ ЖАНА КАЛКТЫН ОРТОСУНДАГЫ СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ӨHYKTYPYY ДОЛБООРУ

Долбоор АКШнын КРдагы элчилигинин эл аралык банги аткезчилигине каршы жана укук коргоо ишмердуулугу белуму (INL) тарабынан каржылык колдоого алынган

ДОЛБООРДУН МАКСАТЫ:

Коомдук коопсуздук койгейлерду биргеликте чечуу максатында ЖОБО, милиция жана жамааттардын ортосунда ишенимдик кызматташтыкты орнотуу жана онуктуруу.

Ишмердүүлүктүн негизги багыттары

  • Коомдук алдын алуу борборлору (КААБ) үчүн иш шарттарын түзүп берүү жана иш-пландарын колдоо
  • КААБ мүчөлөрүнүн дареметин күчөтүү (тренингдер, тажрыйба алмашуулар)
  • Укук бузуулардын алдын алуу боюнча демилгелерин колдоо (жаштар/аялдар уюмдары, балдар инспекторлору)
  • Улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде координациялык, маалыматтык жана тажрыйба алмашуу жолугушууларын уюштуруу
  • КААБдын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн түрдүү маалыматтык иш-чараларды уюштуруу жана алдын алуу субъектилери менен кызматташуу

ДОЛБООРДУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Коомдук алдын алуу борборлору (КААБ) үчүн иш шарттарын түзүп берүү жана иш-пландарын колдоо

2014-жылдан тарта 49 КААБда шарттар түзүлдү: 20 КААБ кайра курулду, 24 ремонт, 5 материалдык-тех. жардам (долбоордон 30 млн. сомдон ашык каражат бөлүндү)

2023-ж. 5 КААБ тандалып алынды (КААБдын офисин кайра куруу/ремонттон өткөрүү, техника жана мебель менен камсыз кылуу)

ДОЛБООРДУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

КААБ мүчөлөрүнүн дараметин күчөтүү (тренингдер, тажрыйба алмашуулар)

1000ге жакын КААБ мүчөлөрү жана милиция кызматкерлери алдын алуу багытында социалдык өнөктөштүк боюнча семинар-окууларга катышып, жергиликтүү деңгээлдеги субъектилер менен тартип бузуулардын алдын алуу жана коопсуздукту жакшыртуу жаатында активдүү иш алып барууда

ДОЛБООРДУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Укук бузуулардын алдын алуу боюнча демилгелерин колдоо (жаштар/аялдар уюмдары, балдар инспекторлору)

100гө жакын жергиликтүү демилегелер жана маалыматтык кампаниялар колдоого алынып, балдар инспекторлорунун, жаштардын жана аялдардын укук бузуулардын алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү

ДОЛБООРДУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде координациялык, маалыматтык жана тажрыйба алмашуу жолугушууларын уюштуруу

Жергиликтүү, облустук жана улуттук деңгээлде ИИМ менен биргеликте укук бузуулардын алдын алуу боюнча өлкөнүн 7 облусунда координациялык, маалыматтык жана тажрыйба алмашуу жолугушууларын ишке ашырып келүүдөбүз

ДОЛБООРДУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

КААБдын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн түрдүү маалыматтык иш-чараларды уюштуруу жана алдын алуу субъектилери менен кызматташуу

Долбоор менен иштешкен КААБдардын мисалында, алардын укук бузуулардын алдын алуу иш-чараларына жергиликтүү бюджеттен каржылык колдоо көрсөтүлүп келе жатат (М.: 2022-23 жж. Раззаков шаары - 360 000 с., Дөбө-Коргон АӨ - 250 000 с., Байтик АӨ - 300 000, Гүлчө - 250 000, Куршаб - 50 000 ж.б. Ал эми долбоор тарабынан иш-чараларды колдоого жалпысынан 4 500 000 сом тегерегинде каражат бөлүнгөн);

Долбоор алдын алуу жаатында түрдүү деңгээлдеги иш-чараларга, анын ичинде тийиштүү ченемдик укуктук актыларын талкулоо жараяндарына активдүү катышып келе жатат