Маалымат кампаниялары

Балдар иштери боюнча инспекторлор (ИДД) тарабынан 2023 жана 2024-жылдары “Кыргыз Республикасындагы өз алдынча башкаруу органдары, милиция жана калктын ортосундагы социалдык кызматташтыкты өүнүктрүү”долбоорунун алкагында ийгиликтүү ишке ашырылган негизги маалыматтык кампаниялар жөнүндө айтып маек куралы.

Маалыматтык кампаниялар аркылуу биз кѳздѳгѳн негизги максаттарыбыз — өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу, зомбулукту азайтуу жана коомчулукту, анын ичинде жаштарды жана ата-энелерди маалымдоо.

Жалпы өткөрүлгөн маалыматтык кампаниялар

2023-жыл: Жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу жана зомбулуктун көйгөйлөрү боюнча маалымдуулукту жогорулатуу максатында 13 негизги маалыматтык кампания ишке ашырылды.

2024-жыл: 11 маалыматтык кампания өткөрүлүп, зомбулук, наркомания жана жаштар арасындагы укук бузууларды камтыган темаларга басым жасалып жатат.

Кампаниялардын максаттары

- Балдар жана өспүрүмдөр арасындагы зомбулук, баңгизаттарды колдонуу жана укук бузуулар боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана каршы күрөшүү.

- Балдар жана өспүрүмдөр үчүн коопсуз чөйрө түзүү максатында ата-энелерди, мектептерди жана жергиликтүү коомчулукту тартуу.

- Жаштардын лидерлик жана социалдык көндүмдөрүн өнүктүрүү, аларды сергек жашоо образын карманууга жана социалдык-мааданий иш-чараларга катыштырууга көмөктөшүү.

Маалыматтык кампаниялар ар түрдүү форматтарда өткөрүлүп, анын ичинде ар түрдүү конкурстар, семинарлар, тренингдер, вебинарлар, театрлаштырылган көрсөтүүлөр, чай жана кофе үстүндѳ баарлашуу жана белгилүү адамдар менен мотивациялык жолугушуулар сыяктуу иш-чаралар камтылган.