Коомдук алдын алуу борборлору
Коомдук алдын алуу борборлору кылмыштуулуктун алдын алууда жана коомчулуктун деңгээлинде коопсуздукту чыңдоодо негизги ролду ойнойт. Алардын максаты - кылмыштуулукту азайтуу жана тынчтыкты курууга шарттарды түзүү. КААБдын мүчөлөрү аялдар комитеттери, аксакалдар соту, жаштар комитеттери, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү болуп саналат. Бул адамдардын чогуу иш алып баруусу натыйжалуу өнөктөштүктү жана кеңири калкты камтууга өбөлгө түзөт.
Долбоор тарабынан колдоого алынган Коомдук алдын алуу борборлору Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагын камтыйт. Бул КААБдар кылмыштуулуктун алдын алууга жана жамааттардагы коопсуздукту жакшыртууга багытталган иш-чараларды жана демилгелерди үзгүлтүксүз уюштурат.
Жыл сайын КААБдар жамааттардагы көйгөйлөрдү талдап, приоритеттөөнүн негизинде иш планын иштеп чыгат. Бул план ар кандай багыттар боюнча иш-чараларды камтыйт, мисалы:
- Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу;
- Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу;
- Баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонуунун алдын алуу;
- Бейбаштыктын жана рэкетчиликтин алдын алуу;
- Толеранттуулукту бекемдөө жана тынчтыкта өз ара аракеттенүү үчүн көндүмдөрдү өнүктүрүү;
- Жарандар менен укук коргоо органдарынын чогуу иш алып баруусун жана кызматташтыгын жакшыртуу;
Бул иш-чаралар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Маалымдуулукту жогорулатуу үчүн агартуучу жолугушуулары, тематикалык конкурстар жана форум театрлар;
- Интеллектуалдык оюндар, психологиялык тренингдер жана тарбиялык иш-чаралар;
- Ар кандай социалдык топтордун өкүлдөрү менен семинарлар, чыгармачылык иш-чаралар жана мотивациялык жолугушуулар;
- Ата-энелер жана мектеп окуучулары үчүн үй-бүлөлүк мамилелерди жакшыртууга жана чыр-чатактардын алдын алууга багытталган консультациялар;
- Өнүгүүгө жана билим алууга шыктандыруу үчүн кооптуу топтогу жаштар жана жалпы эле жаштарга жогорку окуу жайларына тааныштыруу экскурсиялары;
- Тургундар менен укук коргоо органдарынын ортосундагы ишенимди жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү КААБ тарабынан ачык отчеттуулук;
№ п/п | КААБтардын аталышы | КААБтардын дареги | Байланыш маалыматтары |
---|---|---|---|
1 | Кызыл-Кыя ш. КААБ | Кызыл-Кыя ш., Түндүк м-р., Кыргыз көч. 287 | 0773 867 440 |
2 | Масалиев а/о КААБ | Кара-Добо айылы, көч. | 0551 200 855 |
3 | Үч-Коргон а/о КААБ | Үч-Коргон айылы, Хасан Дадабаев көч. 91 | 0779 128 479 |
4 | Майдан а/о КААБ | Айрыбаз айылы, Айырбас көч. 40 | 0772 218 120 |
5 | Кадамжай ш. КААБ | Кадамжай ш., Орозбеков көч., 59-үй | 0773 995 858 |
6 | Полотхан а/о КААБ | Женит айылы, Матмусаев көч. 40 | 0779 584 205 |
7 | Айдаркен ш. КААБ | Айдаркен ш., Пушкин көч. 1 | 0771 616 134 |
8 | Баткен ш. КААБ | Баткен ш., Садыков көч. | 0772 474 197 |
9 | Самарканден а/о КААБ | Самарканден айылы, Раззаков көч. 8 | 0772 205 676 |
10 | Төртгүл а/о КААБ | Чек айылы | 0776 080 266 |
11 | Суу-Баш а/о КААБ | Бужум айылы, Токтогул көч. 42 | 0773 110 401 |
12 | Аксай а/о КААБ | Аксай айылы | 0772 665 283 |
13 | Кара-Бак а/о КААБ | Кара-Бак айылы, Сакы-Баба көч. 15 | 0505 100 451 |
14 | Ак-Татыр а/о КААБ | Ак-Татыр айылы | 0776 200 668 |
15 | Раззаков ш. КААБ | Раззаков ш., И. Раззаков көч. 21 | 0777 368 632 |
16 | Кулунду а/о КААБ | Кулунду айылы, А. Набиев көч. | 0771 338 787 |
17 | Жаңы-Жер а/о КААБ | Жаңы-Жер айылы | 0556 258 598 |
18 | Аламүдүн району Байтик айылынын КААБ | Байтик айылы | 0709 161 012 |
19 | Сосновка КААБ | ||
20 | Жайыл району КААБ | Эриктүү айылы | 0772 455 474 |
21 | Мин-Булак айылынын КААБ | Куйбышев айылы | 0505 444 246 |
22 | Түп району Ысык-Көл айылынын КААБ | Михайловка айылы | 0505 876 787 |
23 | Жети-Өгүз району Оргочор айылынын КААБ | Мундуз айылы | 0707 313 620 |